Акматалиев финалда! Бүгүн Астанада Кыргызстандын алты спортчусу күрөшөт

Бүгүн, 31-октябрда Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандан алты спортчу чыгат.
Бул күнү эркектер арасында эркин күрөш боюнча төрт салмак категориясында финалчылар аныкталат. Кыргызстандык төрт балбан турнирдеги алгачкы беттештерин өткөрөт.
Мындан тышкары, эркин күрөш боюнча төрт алтын медаль ойнотулат.
Малик Шаваев коло медаль үчүн жубатуучу беттеште күрөшсө, Эрназар Акматалиев 70 кг чейинки салмак категориясында финалдык беттеште килемге чыгат.
31-октябрга карата жуптардын курамы
11:30 алдын ала беттештер
57 кг чейин, 1/32 финалга чейин
Андрей Витан (Молдова) — Абдумалик Карачов
74 кг чейин, 1/16 финал
Орозобек Токтомамбетов — Жемс Грин (АКШ)
79 кг чейин, 1/16 финал
Жакшылык Байташов — Расул Шапиев (Македония)
92 кг чейин, 1/16 финал
Фатих Алтунбаш (Түркия) — Яков Чаплин
86 кг чейин, жубатуучу блок
Малик Шаваев — атаандашы аныктала элек
19:00 финалдык блок
70 кг чейин, финал
Эрназар Акматалиев — Ибрагим Ибрагимов (Орусия).



