Саясат
Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды.
Ал эми Бишкек шаарынын буга чейинки мэри Айбек Жунушалиев кызматтан кетти. Документке мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Жунушалиев бул кызматка 2021-жылдын август айында келген болчу.Маалыматта Жунушалиев Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.



