Коом

Чоң-Алайда заманбап мал союучу жай ишке кирди

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында заманбап талаптарга жооп берген мал союучу жай ачылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жаңы ачылган мал союучу жай санитардык-гигиеналык нормаларга толук жооп берип, эт азыктарын коопсуз жана сапаттуу даярдоого багытталган.

Бул жайда мал союу процесси эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, ветеринардык көзөмөл толук камсыздалат.

Белгиленгендей, жаңы ишкана бир нече туруктуу жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү экономиканын өсүшүнө өбөлгө болору талашсыз. Мал союлуучу жай заманбап жабдуулар менен камсыздалып, калдыктарды кайра иштетүү жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу багытында атайын технологиялар колдонулат.

Тектеш кабарлар

Back to top button