Батыш Россиянын маданият чөйрөсүнө да тосмо коюуда

Россияга адегенде экономикалык кысым кылып, андан соң «агрессор» деп айыптап саясий жактан мертинтүүгө аракет кылып келишсе, бүгүн күн тартибине оңойго турбаган милдет кирди. Эми аталган өлкөнү дүйнөлүк маданий мейкиндиктен кууп чыгышмак болушту.
Ушундай пикирдеги серепчи Елена Караева бул боюнча бир нече мисал келтирип, ойлорун да ортого салган. Анын ушул өңүттөгү макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
Маэстро Валерий Гергиев Бавариянын борбор калаа башчысы тарабынан Мюнхен оркестринин башкы дирижёрлугунан бошотулду. Андан бир нече саат өтпөй опера ырчысы Анна Нетребконун ысымы Ла Скала театрынын март айындагы афишаларынан чийилди. Миландын аталган театры дүйнөдөгү мыкты сопрано үндүүлөрдүн бири «ооруп жатканын» айткан. Бирок опера жылдызы дароо: «Мен куландан соомун, бирок барбайм», – деп кабарлады.
Ошентип Батыш Россияны чектөөлөр менен экономикалык жактан, «агрессор», «сөз эркиндигин жана прогрессти муунтуучу» деген шылтоолор менен саясий багытта «жок кылуу» аракетине эми маданий багыт кошулду. Россиялык музыканттардын концерттерин токтотуп, кыл калемчилердин көргөзмөлөрүн жылдырып, ал тургай «империялык духту» даңазалаган орус адабиятын, анын ичинде Лев Толстойду жана анын «Согуш жана тынчтык» романын да атап, четке түртүү башталгандай.
Орус маданиятын жок кылууга буйрук берилгендей тейде бир топ чараларды көрүштү. Вена филармониялык оркестринин концерттеринде да Валерий Гергиев дирижёр катары катышмак, Нью-Йорктогу Карнеги-холл аны да катыштырбай, пианист Денис Мацуевдин атын да афишадан чийди. Себеби так аталбаганы менен басма сөз, анын ичинде «Нью-Йорк таймс» айтылуу концерттик залдын жетекчилиги жана көзөмөл кеңеши «ушундай кырдаалда маэстро Гергиевдин концерттерге катышуусу туура эмес кабылданып, коомдо да натуура ойду жаратышы ыктымал» деп чочулаганын жазып чыкты. Кыязы дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал дирижёрдон россиялык-украиналык каатчылыкка байланыштуу позициясын ачык билдирүүнү талап кылышкан сыяктуу. Белгилүү пианист Мацуевге да ушундай эле сунушталганын да боолголоого болот. Алардын ордуна дароо киши табылганына караганда алардын буга кандай жооп кайтарарынан да Нью-Йорктогулар шек санашпаса керек.



