Коом

Ош шаарындагы аэропортунан Россиядан келген жүргүнчүдөн 451 норка териси табылды

Ош шаарынын аэропортунан Россиядан келген жүргүнчүдөн 451 норка териси табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Текшерүү учурунда норка терилер тийиштүү коштомо документтери жок мыйзамсыз алып келингени аныкталды. Анын жалпы салмагы 47 килограммды түзөт.

Бул боюнча мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлдү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button