УКМК: Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

2022-жылдын 14-апрелинде КР УКМК кызматкерлери жана Манас эл аралык аэрапорту (МЭА) ААКнын Ош филиалынын (ОФ) текшерүү кызматынын кызматкерлери, “Аэропорт-Ош” МТБнын инспекторлору менен биргеликте контрабанда жолу менен баалуу металлдарды ташып келүүнү жана ташып чыгууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында “МЭА” ААКнын ОФнын чыгуучу залында чынжыр формасында сары металлды алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.
2022-жылдын 14-апрелинде “МЭА” ААКнын ОФнын чыгуучу залында Ош-Стамбул багыты боюнча учууга аракет кылып бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда Д.С.У., A.Б.M., А.Ч.А. жана Ш.М.К. аттуу Өзбекстан Республикасынын жарандарынан сары металдан кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдар табылган. Болжол менен алтындан жасалган бул кол чынжырчалардын салмагы 0,540 граммды түзөт.
Белгилей кетсек, «адамдардын жеке колдонуу үчүн товарларды Бажы бирлигинин чек арасы жана аларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуунун» 2.1-пунктуна ылайык кара жана түстүү металлдардын калдыктары жана сыныктарын экспортоо же импортоо чектөөлөргө негиз болгон товарлардын тизмесине кирет.
Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилмекчи.








