Коом
«Айыл чарбасын каржылоо – 10». «Айыл банк» 1,2 млрд сом насыя берди
«Айыл банк» ААК «Айыл чарбасын каржылоо – 10» программасы боюнча 1,2 млрд сом насыя берди. Бул тууралуу маалымат жыйынында “Айыл банк” ААКтын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев билдирди.
Анын айтымында, жалпы бөлунгөн сумманын 50%ы мал чарбачылыгына, 25%ы өсүмдүк өстүрүүчүлүккө жана 25%ы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилиши керек.
«Бүгүнкү күнгө карата 1 млрд 231 млн сомго 2 миң 334 насыя берилди. Анын ичинен мал чарбачылыкка – 1 миң 309 фермерге 754 млн сом, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө – 393 млн сомго 884 насыя, кайра иштетүү тармагына 41 чарбага 82 млн сом берилди», — деди Норузбаев.



