Дүйнө

Кока-Кола россиялык базарынан кеткен чыгымды 195 миллион долларга баалаган

Coca-Cola HBC AG (CCHBC) 2022-жылдын биринчи жарымында орус базарынан кеткенден кийин 190 миллион евро (195,4 миллион доллар) жоготкондугун билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Белгиленгендей, компания Орусиядагы запастарын толугу менен түгөтүп, Coca-Cola продукциясын чыгарууну жана сатууну токтоткон.

Ошол эле учурда компаниянын ата мекендик бренддери, мисалы, Rich, Dobriy жана Moya Semya ширелери киреше алууну улантууда, — деди CCHBC башкы директору Зоран Богданович.

Ал белгилегендей, орусиялык бренддердин америкалык The Coca-Cola Company компаниясы менен эч кандай кызматташтыгы жок.

Богданович Орусиядагы бизнесин кыскартуунун алкагында бул өлкөдөгү кызматкерлерин кыскартууга аргасыз болгонун кошумчалады.

Кока-Кола Орусиядагы ишин токтоторун июнь айында жарыялаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button