Коом
Тажикстанда Кыргызстандын жараны тыңчылыкка айыпталып соттолду
Маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады.
Буга чейин депутат Султанбай Айжигитов 2022-жылдын августунда 36 жаштагы Кубатбек Юлдашев Тажикстанда жашаган ата-энесинен кабар алганы барганда кармалганын билдирген. Анын айтымында, кыргызстандык 13 жылга эркинен ажыратылган.
ТИМ Юлдашевди мекенине которуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады. Бирок тагылган айыптын оордугуна байланыштуу бул иштер көпкө созулары белгиленди.



