Коом

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай окуш керек болот

Кыргызстанда эми айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай окуш керек болот.  Бул тууралуу Sputnik агенттиги  президенттин иш башкармалыгынын маалымат кызматына таянып жазып чыкты.

Билдирүүдө буга чейинки эки айлык окуулар токтой турганы айтылат.

«2026-жылдан тарта айдоочуларды окута турган жеке мектептер жабылып, мамлекеттик мектептер ачылат. Ар мезгилге карата экзамендер тапшырылат. Ал жактан дөңгөлөктү алмаштырууга чейин үйрөтүлөт», — дешти иш башкармалыктан.

Маалымат кызматы жаңы жылдын алдында кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button