УКМК: Коррупция фактысы боюнча райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды- ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан органдардагы системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу, өлкөнүн коопсуздугуна зыян келтирүүчү факторлорго жана шарттарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2022-жылдын 9-сентябрында кылмышка шектүү делип КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча мыйзамсыз аскердик билеттерди берүүдө системалуу иш-аракеттерди уюштурган райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды.
Кармалган адам КР УКМКнын тергө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө зыян келтирген коррупциялык иштерге тиешеси бар, КР Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу системасынын кызмат адамдарынын бул ишке тиешеси бардыгын аныктоо боюнча кийинки атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө,- деп айтылат УКМКнын Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.



