ВИДЕО: Улут болсом — тилим менен улутмун!

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан видеоролик даярдалып, өзүнүн мекендештерин мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынасы болуп эсептелген — Кыргыз тил күнү менен куттукташты.
«Урматтуу Мекендештер!
Эне тили каны-жаныбызга эненин сүтү, бешик ыры, аталардын нуска кептери, чоң аталардын санжырасы, чоң энелердин жомогу, комузубуздун күүсү, кыз-жигиттердин шырылдаңы, бекбекейи менен сиңип келген.
Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.
Түптүү элдин, уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары улуу тилибиздин учугу узарып, түбөлүгү түз болоруна терең ишенебиз.
Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун!», — деп айтылат куттуктоодо.



