Эсептөө палатасы GSAI долбоорунун биринчи этабын аяктап, эл аралык кызматташтыктын жаңы этабына даяр экенин жарыялады

25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы 2023–2025-жылдарга карата Глобалдык отчеттуулук демилгесинин (GSAI) өнөктөштөрдү колдоо долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыктарын чыгарып, маанилүү иш чара өткөрдү.
Бул иш чарага өкмөт өкүлдөрү, донорлор, эл аралык эксперттердин жана маалымат каражаттары катышты.

Иш чаранын алкагында Польшанын Жогорку аудит мекемеси (SAIP) жана INTOSAI өнүктүрүү демилгеси (IDI) менен биргеликте, Европа Биримдигинин жана Сауд Арабиясынын Жогорку аудит мекемесинин колдоосу менен ишке ашырылган долбоор отчеттуулукту чыңдоо жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча маанилүү кадам болгонун баса белгиледи.

Иш-чараны Эсеп палатасынын жетекчиси ачып, андан кийин Польшанын Жогорку аудит мекемесинин (IDI) өкүлдөрүнүн жана Европа Биримдигинин делегациясынын куттуктоо сөздөрү айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук аудит системасын модернизациялоого олуттуу салым кошкон бул кызматташуунун жыйынтыктары сунушталды. GSAIдин биринчи этабы Эсеп палатасынын 2022–2026-жылдарга карата стратегиялык өнүктүрүү планына интеграцияланган жана ISSAI эл аралык аудит стандарттарына өтүүнү камсыз кылган. Долбоорду ишке ашыруунун эки жылында методологиялык база жаңыртылып, ISSAI талаптарына ылайык даярдалган финансылык аудит, шайкештик аудити жана натыйжалуулук аудити боюнча жаңы көрсөтмөлөр бекитилген.

Кызматкерлерди адистештирилген окутуу аркылуу адам ресурстарын өнүктүрүү маанилүү жетишкендик болгону айтылды.
Санариптештирүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишилгени баса белгиленди. Эсеп палатасы 2025–2026-жылдарга карата МКТны өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыккан жана SAI ITMA методологиясын колдонуу менен санариптик жетилгендикти баалоону жүргүзгөн. Ал эми аудиторлор маалыматтарды талдоону жана IT аудит куралдарын өздөштүрүшүүгө жетишкен. IT адистери Польшадагы аудитти санариптик түрдө трансформациялоо тажрыйбасын изилдеп, улуттук практикада заманбап санариптик ыкмаларды ишке ашырууга мүмкүндүк берилген экен. Маанилүү өзгөрүүлөр байланыш системасына да таасирин тийгизген: Парламент, мамлекеттик органдар, маалымат каражаттары жана коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн жаңы Байланыш стратегиясы иштелип чыккан. Ички эрежелер жаңыртылды жана аудиторлордун көз карандысыздыгын, ачыктыгын жана кесиптик жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган Этика кодекси ишке ашырылгандыгы айтылды.

Иш-чаранын алкагында өкмөт өкүлдөрүнүн, донорлордун, эл аралык эксперттердин жана маалымат каражаттарынын катышуусунда «Жогорку аудит органынын көз карандысыздыгы жана анын мамлекеттик ресурстарды башкаруудагы ролу» деген темада кызуу талкуу болду.

Талкууда Кыргызстандын Жогорку аудит органынын көз карандысыздыгын андан ары чыңдоонун жана эл аралык стандарттарды ишке ашыруунун мааниси тастыкталды. Конференцияны жыйынтыктап жатып, Эсеп палатасынын төрагасы аткарылган иштердин жана жалпы жетишкендиктерге бардык өнөктөштөрдүн салымынын маанисин баса белгилеп, буларды айтты:

«Биз ушунча убакыттын ичинде олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Эсеп палатасынын институционалдык потенциалы бекемделди, аудитти пландаштырууга жана аткарууга заманбап мамилелер киргизилди, ошондой эле биздин иш-аракеттерибиздин ачык-айкындуулугу жана жоопкерчилиги жогорулады. Бул өзгөрүүлөр мамлекеттик ресурстарды башкаруу системасына болгон коомчулуктун ишенимин бекемдейт. Мен өзгөчө эл аралык өнөктөштөрүбүзгө — Жогорку аудит институтуна, IDIге, Европа Биримдигине жана Сауд Арабия Королдугунун элчилигине ыраазычылык билдиргим келет. Алардын колдоосу бизге заманбап куралдарды ишке ашырууга мүмкүндүк берди жана кызматкерлерибизге жаңы максаттарга жетүүгө шыктандырды. Жогорку аудит институтунун көз карандысыздыгы натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун негизи болуп саналат жана мамлекеттик мекемелердин ачык-айкындуулугун жана туруктуулугун объективдүү аудит гана камсыздай алат. Бүгүнкү талкуулар жана тажрыйба алмашуу биз туура багытта бара жатканыбызды жана өнүгүүнүн жаңы этабына даяр экенибизди тастыктайт», — деди.

Иш-чаранын аягында Эсеп палатасы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана GSAIнин кийинки этабынын алкагында жетишилген натыйжаларды кеңейтүүгө, Кыргызстандагы мамлекеттик аудиттин жоопкерчилигин, көз карандысыздыгын жана ачыктыгын күчөтүү боюнча ишин улантууга даярдыгын билдирди.


Бул долбоорго катышкан демөөрчүлөргө жана өнөктөштөргө Эсептөө палатасынын төрагасы ыраазычылык кат берди.



