КоомОкуялар

Ур токмокко алынган наристе коопсуз жайга жайгаштырылды

Кадамжай районунда ур токмокко алынган жашы жете элек бала тууралуу болгон окуя боюнча Эмгек министрлиги тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат

2021-жылы туулган жашы жете элек А.Х.Б. апасы тарабынан зомбулук көрсөтүлүп, сабалгандыгы тууралуу маалымат интернет булактарына чыккан.

Аталган маалымат боюнча райондук ички иштер бөлүмүнө 27.01.2023-жылы иш катталып, тергөөгө чейин текшерүү иштери башталып, текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталды.

М.Шнын үч жаш өспүрүм баласы бар. Жаш өспүрүмдүн ата-энеси өз ара пикир келишпестиктин айынан  2023-жылдын 5-январында өзүнүн уюлдук телефону аркылуу кызын уруп, сабагандыгы боюнча тартып кыздын атасы Б.А. жөнөткөн. 

Аталган факты боюнча жаш бала А.Х. Б. карата соттук-медициналык жана соттук-психолого психиатриялык экспертизалар дайындалган.  Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары журуп жаткандыгын райондук ички иштер бөлүмү тарабынан билдирилди. 

2023-жылдын 30-январында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иши боюнча комиссияда каралып, балдарды коопсуз жайга жайгаштыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Совет айыл аймагында жайгашкан “Кут кадам” үй-бүлө тибиндеги үйүнө жайгаштырылды.  

Ошондой эле, Кадамжай райондук  эмгек, социалдык  камсыздоо жана миграция  башкармалык тарабынан М.Ш. үч баласына “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу  01.07.2022-жылдан 30.06.2023-жылга чейин чегерилип, айына 3 600 сом алып келет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button