Коом
Көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 4 батир күйүп кетти

Бишкек шаарындагы 8-кичирайондо көп кабаттуу үйдүн 4 батири өрттөндү. Аталган райондо жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 3-кабатынан өрт чыгып, №61-62-батирлери, 4-кабаттын №65-66-батирлери, 5-кабаттын №69-70 батирлердин балкону, чатырдын жыгачтары, 2 даана устун, 6 терезе жана 6 эшик, жалпы 60 чарчы метр аянты күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү Кыргызстандын аймагында 35 өрт кырсыгы катталып, 36 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.



