Коом
Кыргызстан «visa-run» режимин жокко чыгарды

Visa-run — бул визасыз режимдин мөөнөтүн узартуу үчүн өлкөдөн чыгып, кайра кайтып келүү практикасы. Мисалы, Түркиянын жараны Кыргызстанда 90 күн визасыз жүрө алат. Ал 89-күнү Казакстанга “кирди-чыкты” кылып коюп, дагы үч ай жүрө берет.
Эми мындай ыкма жарабайт. Эгер чет өлкөлүк визасыз 60 күн жүрсө, Кыргызстандан чыккандан 60 күндөн кийин гана кайра кире алат. 90 күнгө ураксаты болсо, кайра келүү убактысы да 90 күн деп белгиленет.
Аны менен катар ТИМ Кыргызстанда көпкө калгысы келген чет элдиктер виза алуу үчүн документтерди өлкө аймагынан чыкпай туруп эле тапшыра аларын эскертти.
Жаңы өзгөртүүлөр миграциялык агымдарды натыйжалуу башкаруу жана өлкөнүн коопсуздугун жакшыртуу үчүн киргизилмекчи.



