Спорт

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кыргыз кыздары пляждык волейбол боюнча дүйнө чемпиондугуна катышат

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу! Биздин кыздардын пляждык волейбол (U-21) командасы дүйнө чемпионатына жолдомо алды.

Роза Расулбек кызы менен Айтурган Айтбекова машыктыруучу Карина Кимдин жетекчилиги алдында мекенибиздин намысын Мексикада коргошот.

Бул жеңиш — жаштардын күчүнүн, намысынын жана мамлекетибиздин өсүп келе жаткан спортунун жаркын мисалы.
Мамлекетибизде жаңы барактар ачылууда, — деп айтылат маалыматта.

Биздин спорт жаңы деңгээлге чыкты! Ийгилик каалайбыз!

Тектеш кабарлар

Back to top button