Коом

«Бастион» күзөт агенттигинин унаасына үн чыгаруучу каражат мыйзамсыз орнотулган

«Бастион» күзөт агенттигине үн чыгаруучу каражаттарды мыйзамсыз орноткондугу үчүн айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктын Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө аталган күзөт агенттигине тиешелүү кызматтык унаада мыйзамсыз орнотулган үн чыгаруучу атайын каражаттар аныкталган.

Бул факты боюнча жол кыймылынын эрежелерин бузуу катталып, унаанын айдоочусуна 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле кызматтык унаа атайын айып короо жайына токтотулду.

Белгиленгендей, атайын үн чыгаруучу жана жарык берүүчү каражаттарды уруксаты жок унааларда колдонуу мыйзам тарабынан тыюу салынган. Бул эрежелердин негизги максаты — жол кыймылынын коопсуздугун жана тартибин камсыз кылуу.

Башкармалык бардык мекемелерди жана уюмдарды, анын ичинде күзөт кызматтарын да мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button