Маданият
Сайкал Садыбакасова уулдуу болгонун айтты

Социалдык тармактарда «ырчы Сайкал Садыбакасова уулуна той берди» деген видеолор тарап жатат. Бул боюнча Гүлшайыр Садыбакасова кызы Сайкал Садыбакасованын уулдуу болгонун ачыктады.
«Амантур неберем азыр 2 жаш 4 айда. Сайкалкызым экөө ушунчалык бири-бирине жакын. Неберем сыналгыдан апасынын видеосун көрсө, апалап издеп калат. Уулум Эркин каза болгондо жалгызсырап абдан кыйналдык. Эркинимдин орду толгус, аны эч ким толтура албайт. Бирок азыркы күндө Амантурум бизге дем берип, үйүбүздү бакытка бөлөп турган чагы», — деп билдирди Гүлшайыр Садыбакасова.



