Коом
Жогорку сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты

Бул маселе боюнча Жогорку соттун соттук коллегиясы Административдик жана Бишкек шаардык сотунун чечимин колдогон.
Атазов Свердлов шайлоо округунан 2022-жылы депутаттыкка аттанган. Бирок ал шайлоо жаңжал менен коштолгон эле. Муртазалиев алдыга озуп чыкканы менен добуш сатып алды деп айыпталып, жарыштан четтетилген. Мындан улам мандат кийинки орун алган Атазовго тийген. Муртазалиев сотко даттанган эле.



