Коом
Кеминде жайлоого кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан кишини 100дөй адам издеп жатат

Тар-Суу айылынын 43 жаштагы тургуну үйүнөн 29-ноябрда Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кеткен. Ал сарайда турган досуна учурашканы барган. Минип жүргөн аты келип, өзү кайткан эмес.
Издөөгө ИИМдин 50дөй кызматкери, ӨКМдин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар чыккан.



