ВИДЕО: Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасы 2022-жылы ийгиликтүү иштерди аткарган

Кыргыз Темир жолу мамлекеттик ишканасынын 2022-жылы аткарылган иштери боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, Балыкчы-Кочкор темир жолунун 5 чакырымы курулуп бүткөн. Өткөн жылы 100 даана жүк ташуучу вагон сатылып алынган. 20 чакырым рельс жана 20 миң темир- бетон шпалдар алынган. 10 чакырымдан ашуун жаңы рельстер, 12 чакырым темир бетон шпалдар орнотулган. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун техникалык, экономикалык негиздемеси даярдалууда. Жаңы темир жол коридору Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы чыгыштын рынокторуна жол ачат.
Эл аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулуп, өнөктөштөр менен Меморандумдарга кол коюлду.
Чолпон-Ата шаарында АТР өлкөлөрунүн темир жол башчыларынын жыйыны өткөрүлүп, бир катар чечимдер кабыл алынды.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан” мультимодалык коридору аркылуу товарларды жеткирүү иштери башталды.
Ички каттамдар үчүн арналган эксперименталдык модернизацияланган вагондор ишке кирди, — деп билдирди маалыматта.



