Без рубрики

Бишкекте бейтааныш кызга кол көтөрүп, денесине залал келтирген киши кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери кызга кол салууга шектелген жаранды кармады.

Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 28-майда О. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал ошол күнү саат 03:20 чамасында 12-кичирайонундагы супермаркеттердин биринде эч себепсиз денесине залал келтирген белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Октябрь РИИБнин маалыматтык каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алынган жаракаттар боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошол күнү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 1982-жылы туулган Э.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертизанын корутундусу даяр болгонго чейин кое берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button