Окуялар

УКМК: Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адиси мамлекетке 32 млн 469 миң сом зыян келтирген

КР УКМК тарабынан коррупциялык схемаларды жоюу максатында жүргүзүлүп тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, текшерүүнү жүргүзүү функциялары бар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери тарабынан Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан иш жүзүндөгү алынган кирешесин мыйзамсыз аз көрсөтүү фактылары аныкталды.

Аталган мамлекеттик органдын кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Финансылык-экономикалык анализ жана мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгынын начальнигинен 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып, атайылап аныкталган ашыкча баалоону 34 млн 969 миң сомдон 2 млн 500 миң сомго чейин максаттуу түрдө кемиткени аныкталган. Анын натыйжасында мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 32 млн 469 миң сом зыян келтирилген.

Ошону менен бирге, Аталган мамлекеттик органдын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленген баага ылайык көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын тарифтерин текшеришкен, жыйынтыгында “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жана анын аймактык бөлүмдөрү мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон 34 млн 969 миң сом өлчөмүндөгү мыйзамсыз кирешелерди өндүргөн.

Үстүбүздөгү жылдын 7-февралында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, аталган кылмыш ишинин алкагында, 32 миллион 469 миң сом акча каражатын  жашыруу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкармалыгынын башкы адиси А.Э.У. КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды, анын ичинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчилигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, — деп  билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button