ИИМ: Ош областтык жана Ош шаардык ИББнын борбордук аппаратынын жана даярдыгы текшерилди

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күжүрмөн аскердик даярдыгын чыңдоого, кесиптик тажрыйбаларды өркүндөтүүгө карата министрдин буйругу менен министрдин орун басары, милициянын генерал-лейтенанты Октябрь Урмамбетов башында турган Ички иштер министрлигинин атайын тобу түзүлгөн.
Буйруктун талаптарын аткаруу боюнча Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын 2023-жылдагы уюштуруу мерчемине ылайык Ош областтык жана Ош шаардык ички иштер Башкармалыгынын борбордук аппаратынын, райондук- шаардык бөлүмдөрүнүн өздүк курамын “АЙГАЙ” белгиси боюнча көтөрүп, уюштуруу башкаруучулук чечимдеринин аткарылышы жана кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилди.
“АЙГАЙ” белгиси боюнча көтөрүүдө атайын буйруктарда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Ош областтык жана Ош шаардык ички иштер Башкармалыгынын борбордук аппаратынын, райондук- шаардык бөлүмдөрүндө боюнча өздүк курамдын чогулушу “жакшы” деген баага татыктуу болду. Бирок, кызматтык кужүрмөн даярдыктар жана кызматтык ишмердүүлүктөрдү кынтыксыз аткаруу боюнча боюнча бир катар кемчиликтер орун алган жана ошондой эле ИИМдин бир катар буйруктарынын аткарылышы тиешелүү талаптарга жооп берген эмес.
Жыйынтыгында Ош областтык жана Ош шаардык ички иштер Башкармалыгынын жетекчилилерине бир катар кемчиликтерди тез арада жойуу боюнча тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы текшериле тургандыгы эскертилди.



