Окуялар

УКМК: Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын кызматкери, менен «М.Х.» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен келишим түзүп, салык төлөөчүнүн өздүк эсебинин картасын мурда чегерилген салыктар боюнча 134 млн сомго тактоо жолу менен таанылган салык милдеттенмелерин мыйзамсыз эсептен чыгарган.

Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын кызматкери Т.Н., «М.Х.» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен кылмыштуу бүтүмгө келип алып, ошондой эле башка кызматкердин офистик компьютерин, логин жана паролдорун колдонуу менен, компаниянын карызын Мамлекеттик салык кызматынын маалымат базасынан негизсиз жок кылган.

Азыркы учурда, аталган Т.Н. башка ушул сыяктуу фактылар боюнча аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралып жатат, ошондой эле «М.Х.» компаниясынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилмекчи, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button