Коом

Тышкы иштер министрлиги адистерди жумушка чакырат

Тышкы иштер министрлиги бош кызмат орундарына ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, төмөнкү дипломатиялык кызмат орундарына адистер жумушка чакырылат:

Эл аралык-укуктук департаментинин көп тараптуу келишимдер бөлүмүнүн атташеси;

Экономикалык дипломатия департаментинин экспортту жана туризмди илгерилетүү бөлүмүнүн атташеси (2 орун бош);

Экономикалык дипломатия департаментинин инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн атташеси;

Консулдук департаменттин экспертиза, документтештирүү жана визалык иш бөлүмүнүн документтештирүү секторунун атташеси;

Кадрдык саясат бөлүмүнүн атташеси;

ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси (2 бош орун);

Валюта-финансы департаментинин кирешелерди эсепке алуу секторунун башкы адиси;

Валюта-финансы департаментинин чет өлкөдөгү мекемелер секторунун башкы адиси;

Валюта-финансы департаментинин талдоо жана пландаштыруу секторунун башкы адиси;

Валюта-финансы департаментинин талдоо жана пландаштыруу секторунун жетектөөчү адиси.

Документтер үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан тартып 6-апрелге чейин Тышкы иштер министрлигинин кадрдык саясат бөлүмүндө, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57 дарегинде кабыл алынат.

Талапкерлер сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:

арыз (бош кызмат ордун так көрсөтүү менен) эки нускада;

сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;

өмүр баян (соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);

резюме;

3х4 сүрөтү (2 даана);

паспорт көчүрмөсү;

кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган документтер;

сунуштама каттар (бар болсо).

Кошумча маалыматтарды (0312) 62 50 87 жана 62 66 57 телефондору аркылуу же www.mfa.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button