Пайдалуу кеңештер

Адистин кеңеши — Кантип бюджетти үнөмдөөнү жана пландаштырууну үйрөнүү керек

Эң алгач сатып алууларды үнөмдөөдөн баштайлы.

Үнөмдөлгөн — тапкан дегенди билдирет.

Дүкөндө акча сактоого жардам бере турган бир нече кеңеш:

  • Азык-түлүк сатып алууга бара жатып тизме түзүп алыңыз жана тизме боюнча сатып алганга аракет кылыңыз. Керектүүсүн гана алыңыз. Базарга же дүкөнгө ачкарын барбаңыз. Болбосо керектүү товардан көп товар сатып алышыңыз мүмкүн.
  • Бренд продуктуларынан баш тартыңыз. Анчалык аты чыкпаган бренддердин товарларын алуу сизди аталышы үчүн эле ашыкча акча төлөөдөн куткарат. Мисалы, дарыны алалы. Курамы окшош болгон бир эле ошол дары жарыяланган аналог товардан бир топ арзан болушу мүмкүн
  • Досторуңуздун, кошуна же туугандарыңыздын артынан кууп кереги жок. Балким, алар ири сатып алууларды бир нече жыл мурда пландаштырган. Андан көрө, автоунаа сатып алууну же үйдү оңдоо иштерин пландаштырыңыз, керектүү сумма чогулган учурда ишке киришиңиз.
  • Интернет-дүкөндөрдү өздөштүрүңүз. Сатып алуунун мындай түрү кийим-кече, азык-түлүк жана башка товарларды кыйла үнөмдүү сатып алууга мүмкүндүк берет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button