Дүйнө
Индияда аптаптуу күндүн ысыгынан 13 адам каза таап, 40тан ашыгы жабыркады

Кыргызстанда аба ырайы салкындап, үшүк жүрүп жатса Индияда абанын температурасы нормадан ашык ысып, эл жабыркаганы айтылууда.
Индиянын Махараштра штатында өкмөт тарабынан уюштурулган сыйлык тапшыруу аземинде ысыктан 13 адам каза болгонун NDTV билдирди.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи Нави Мумбайдын ачык аянтында өтүп, ага бир нече жүз миңдеген адамдар катышкан.
Маалым болгондой, иш-чара +38 градус температурада беш саатка жакын созулган.
Дарыгерлердин айтымында, күндүн ысыгынан 13 адам өлүп, 40ка жакыны жабыркаган.
Учурда укук коргоо органдары бул жагдайды иликтеп жатат.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, чатыр бир гана чиновниктер жана VIP адамдар үчүн берилген, аземге келген карапайым адамдар аптаптуу күндүн астында отурушкан.


