Коом
Былтыркы Баткен каргашасында көз жумган 42 аскердин 37синин үй-бүлөсүнө компенсация төлөндү
Бул тууралуу Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.
Калган бешөөнүн документи туураланып жатат.
Ал эми жаракат алгандардын ичинен 10 аскерден башкасына тиешелүү төлөм берилген. Шаршеев муну 10 аскер жеңил жаракат алганы менен түшүндүрдү. Бирок президент Садыр Жапаров бул нерсе мыйзамда каралбаса, башка булактардан каражат таап аскерлерге компенсация берүү керектигин айтты.



