Баткенде ИИМдин Академиясын аяктаган бүтүрүүчүлөргө милициянын лейтенанты наамы тапшырылды

2022-жылдын 13-июнь күнү Баткен ОИИБдин борбордук аппаратынын саптык аянтчасында ИИМдин Академиясынын курсанттарына атайын наамды Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов тапшырды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Алгачкы офицердик наамдарды тапшырып жатып Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов алган наамдары менен куттуктап, Кыргыз милициясынын кадыр-баркын көтөргөн тартип сакчыларынан болууларын каалап өттү.
“Коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, кылмыштардын бетин ачуу жана иликтөө иштерин аткаруу Сиздердин түздөн-түз милдетиңиздер, башынан аягына чейин таза иштеген кызматкер Кыргыз милициясынын кадыр-баркын көтөрө алат. Мен ар бириңиздерди келечекте кызматтык милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарууга чакырамын”,- деп Мурат Боронов өз сөзүндө белгилеп кетти.





