Саясат

Көлдүн жээгин иретке келтирген эмес! Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн башчысы Иманбетовго сөгүш берди

Ысык-Көл облусунун жетекчиси Илияз Иманбетовго сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы Садыр Жапаров эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн дисциплинардык чара көрүү боюнча буйрукка кол койгон.

Маалыматта президенттин «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык аймактарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыгын аткаруу жоопкерчилиги Ысык-Көл облусунун жетекчисине, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлгөнү белгиленген.

«Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынган эмес. Ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла элек», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануучу жайларды мыйзамсыз курууга жол бергени белгиленди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button