Коом

Мыйзамсыз иш жүргүзгөн фармацевтикалык компания аныкталды

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын тарабынан ишмердүүлүгү кирешелерди адалдоого шектелген фармацевтикалык компанияны аныкташкан.


Кыргызстандын аймагында экономикалык иш жүргүзгөн аталган фармкомпаниялар тармагы аркылуу дарыканаларда дары-дармектердин айрым түрлөрүн сатышкан. Дары-дармектерди сатуудан түшкөн акча жашырылып, мындай операциялар бухгалтердик эсепке алынган эмес.

Чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин КИББнын ыкчам кызматкерлери дары компаниясынын ишмердүүлүгүнө көңүл бурушуп, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган компаниянын башкы кеңсеси Азербайжан Республикасында жайгашкандыгы, ошондой эле бир нече филиалдары жана медициналык клиникалары бар экендиги аныкталган.

Кыргыз Республикасынын аймагында «RV» жана «RO» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун филиалдары 2018-жылы катталган. Ишмердүүлүгүнүн түрү — фармацевтикалык товарларды дүң сатуу болуп эсептелет, анын негиздөөчүсү жана жетекчиси 1987-жылы туулган Азербайжан Республикасынын А.Э. жараны болуп аныкталган.

Жогоруда аталган фармацевтикалык компаниянын өкүлдөрү менен дарыгерлердин ортосунда макулдашуу болгондугу тууралуу маалыматтар бар, алар мындан ары пациенттерди “жогоруда аталган фирмалардын” дары-дармектерин сатып алууга ынандырышкан. Акыр-аягы, медицина кызматкерлери сатылган дары-дармектердин наркынан “пайыздарды” алып келгендиги аныкталган. Көрсө, айрым дарыгерлер өздөрү дары-дармектерди сатууну ишке ашырууга көздөп, оорулуу жарандарга жогоруда аталган компаниядан сатып алууну сунушташкан.

Ички иштер органдары тарабынан көрсөтүлгөн даректер боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө бухгалтердик жана финансылык документтер, жок кылууга даярдалган тытылган каржылык документтер, мөөрлөр, ноутбуктар, компьютерлер жана дары-дармектер аныкталып алынган.Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жаза-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелеринин негизинде «RO» жана «RO» ЖЧКнын директору А.Э. жана аталган фирманын бухгалтери 1960-жылы туулган Ц.Л. кармалып, Бишкек ШИИББнын Убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан айыпталуучуларга карата 1 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.Фармацевтикалык компаниянын мындай аракеттери өлкөнүн калкынын ден-соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурарын, ошондой эле мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна доо кетирерин белгилей кетүү зарыл.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button