Украинада «РИА Новости» маалымат агенттигинин журналистине ок тийди

Украинада Орусиянын «РИА Новости» мамлекеттик маалымат агенттигинин аскердик кабарчысы Ростислав Журавлёв каза болду. Бул тууралуу аталган агенттик кабарлады.
Маалыматка караганда, Журавлев «согуш талаасында украиналыктардын огунан көз жумду». Ок атышуу Запорожье облусундагы Пятихатка калктуу конушунда болгон.
Агенттик Журавлев менен кошо фотокабарчы Константин Михальчевский да жараат алганын кошумчалады.
Орусиянын Журналисттер союзу «Известия» басылмасынын кабарчысы жана оператору Роман Польшаков менен Дмитрий Шиков да жарадар болгонун билирди. Аткылоого кабылгандардын арасында ТАСС агенттигинин жана «Россия» телеканалынын кабарчылары да болгону кабарланды.
Журавлев «Нежурка» Телеграм каналын алып барып, Украинадагы атайын операцияны чагылдырып келген.



