Панфилов районунун жергиликтүү бюджетине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 7 млн 905,2 миң сом финансылык бузуулар аныкталган

2023-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Коллегиясында 2022-жыл аралыгына карата Чүй облусунун Панфилов районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин материалдары каралды.

Панфилов районунун жергиликтүү бюджетине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 7 млн 905,2 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:
жетпей калуулар жана уурдоолор – 222,8 миң сом;
каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 7 272,7 миң сом, анын ичинде:
• эмгек акыны негизсиз төлөөлөр -1 728,1 миң сом;
• курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 5 376,8 миң сом;
• эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 167,8 миң сом;
бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 407,7 миң сом, алардын ичинен;
• бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 405,7 миң сом;
Соц.фонддун кошумча чегерилген кирешелери – 2,0 миң сом.
Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -14 420,3 миң сом, анын ичинде:
• товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары -102,1 миң сом;
• эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 4 599,2 миң сом;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө, анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен, колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 4 435,6 миң сом;
• башка резервдер жана жоготуулар – 5 283,4 миң сом.
Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 4 083,4 миң сом, анын ичинде:
• ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 4 083,4 миң сом.
Панфилов районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү. Ал эми Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы башкы бухгалтери У.Саманчиевге карата, акча каражаттарын ыйгарып алуу боюнча, ошондой эле, «Узундугу 4200 метр ЛР 60; ЛР 40, темир/бетон таянычтары менен жаңы сугат лотокторун орнотуу» объектиси боюнча подрядчы «НЭК Лтд” ЖЧК тарабынан 5 049,3 миң сомго жумуштардын наркынын аныкталган жогорулатылышы боюнча материалдарды укуктук баа берүү үчүн, Чүй облустук прокуратурасына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

Отурумдун чечимине ылайык, тиешелүү айылдык кеңештерге карап чыгуу үчүн аудиттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жиберилди, андан тышкары Панфилов районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларына, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча жиберилген аймактык бөлүнүштүн жазма буйруктарынын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылуу сунушталды.



