Коом
Финансы министрлиги 15-декабрда биринчи жолу Кыргыз фондулук биржасына 1 млрд. рубль өлчөмүндө облигация жайгаштырат
Ведомство буга чейин Москвада россиялык 40 инвесторго тааныштырылып, көпчүлүгүнүн кызыгуусу жаралганын билдирди.
“Облигацияларды рубль менен чыгаруу Кыргыз фондулук биржасына ар кандай валюталарда мамлекеттик облигацияларды жайгаштырууга прецедент түзөт. Бул каржылоо булактарын ар кайсы каналдарга бөлүштүрүү жана инвесторлор чөйрөсүн кеңейтүү үчүн керек”, — деп жазды Финансы министрлиги.



