Окуялар
Жайыл районунда эки унаа кагышып, айдоочунун бири каза болду

Жайыл районундагы Кара-Балта – Степное трассасында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын ЖККББсынан билдиришти.
Жол кырсыгы күн мурун болжол менен саат 12:30да катталган. Анда Toyota Carina карама-каршы тилкеде келе жаткан Mercedes-Benz менен кагышкан. Жыйынтыгында биринчи автоунаанын айдоочусу жеринде каза болгон, үч жүргүнчү райондук ооруканага жеткирилген.
Учурда иликтөө иштери уланууда.



