Коом
Токмоктогу компьютердик клубда 17 жаштагы өспүрүм каза болду

Токмоктогу компьютердик клубда 17 жаштагы өспүрүм каза болду.
2-сентябрь күнү саат 23:30да Токмок шаарында жайгашкан компьютердик клубда 2006-жылы туулган өспүрүм өзүнүн достору менен ойноп жатып, өзүн жаман сезип эс-учун жоготкон. Аны достору Чүй районунун ооруканасына жеткирип, бирок жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган.
Аталган окуя Чүй РИИБге каталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Эмне себептен каза болгондугун тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда текшерүү иши жүрүп жатат.



