Пайдалуу кеңештер

Эмне үчүн уйкудан кийин баш ооруп калат? Неврологдун түшүндүрмөсү

Адистин айтымында, уйкудан кийин пайда болуп, бир күн бою тарабаган баш оорунун бир нече себеби бар. Көбүнчө уйку режиминин бузулуусу менен моюн булчуңдарынын чыңалуусу себепкер болот.

Уйку режиминин бузулушу

Толук кандуу уйку 7 сааттан 9 саатка чейин созулушу керек. Бул адамдын жакшы эс алуусу үчүн жетиштүү. Уйкунун жетишсиздиги, ошондой эле анын ашыкча болушу органдардын калыбына келүүсүнө терс таасирин тийгизип, гормондордун синтези бузулуп адам билинбестен «өнөкөт стресс» абалына кирип кетет.

Апноэ

Башкача айтканда, уктап жаткан кезде дем албай калуу. Бул көбүнчө 20-30 секундага созулат, бирок оору өтүшүп кетсе 2-3 мүнөткө чейин жетет. Мындай оору менен жабыркаган адам катуу коңурук тартат.

Ыңгайсыз жаздык

Уйкудан соң пайда болгон баш ооруга ыңгайсыз жаздык дагы себепкер болушу мүмкүн. Андыктан омуртка менен баш бир деңгээлде болгондой жаздыкты тандаңыз.

Башка себептер

Эки жумадан ашык убакытка созулган баш ооруга сезгенүү, кан айлануу менен зат алмашуунун бузулушу, курч инфекциялык илдеттер же жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болушу мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button