Саясат

Нью-Йоркто кыргыз-кипр мамилелеринин өнүгүү перспективалары талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштери министри Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгы боюнча бир пикирди билдиришип, кыргыз-кипр мамилелеринин өнүгүү перспективаларын талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду улантуунун, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода жүгүртүүнү көбөйтүү зарылдыгына, ошондой эле эки өлкөнү кызыктырган долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууга маектештин көңүлүн бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кипрдин Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу консультациялар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button