Дүйнө

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында эки күндөн бери митинг өтүүдө

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында эки күндөн бери митинг өтүүдө. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Жаңы-Өзөн шаарынын жүздөн ашык жашоочулары акимчиликтин алдына чогулуп, жумуш берүүнү талап кылууда. Алар бул жерде эки суткадан бери турушат жана президент Токаевге кайрылуу жолдошуп, жергиликтүү бийликке ынанбай турушканын, 2020-жылы түзүлгөн ишке орноштуруу тизме-схемасы адилетсиз ишке ашып жатканын айтышууда. Алар жумушсуздарды мунайгаз тармагындагы келечектүү жана туруктуу жумушка орноштурууну талап кылышууда.

Жаңы-Өзөн акимчилиги нааразы топтун талабына комментарий берген эмес. Маңгыстау облусунун акимчилиги жашоочулар иш менен камсыздоо борбору сунуштаган жумуштарга макул болбой, баары мунайгаз тармагында гана иштөөнү талап кылып жатышканы кабарлады. «Түшүндүрүү иштери уланат», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button