“KG Групптан” батирлерин ала албай, алданып калгандар УКМКга барышты

Бүгүн УКМКнын имаратында «KG Групп» курулуш компаниясынан жабыр тарткан үлүшчүлөрү чогулушту. Алардын айтымында, бир нече жыл мурун алган батирлерин ала албай жатышат.
«2018-жылы “Чыңгыз Айтматов Ордосу”турак жай комплексинен үй алдык. Аталган курулушту 2021-жылы бүтүрүшү керек болчу. Бирок, мындай болгон жок. Азыр 2024-жыл. Курулуш иштери 30 пайызга гана бүткөрүлгөн. Ошон үчүн биз бүгүн УКМКга келдик. Башка органдарга да барабыз. Садыр Жапаровго, Курманкул Зулушевге жана Камчыбек Ташиевге кайрылалы», — деди акционерлердин бири.
Дагы бир жабырлануучу 2021-жылы Жусуп Баласагын турак жай комплексинен үй сатып алганын айтууда. Батир 2024-жылдын январында берилиши керек болчу. Анын айтымында, KG Групп датаны тынымсыз жылдырып турат.
«Алар бизге ачкычтарды январь айында бериши керек эле. Бирок азыр ал жерде эшик, тосмолор да орнотулган эмес. Үч жылдан бери өз үйүбүздү ала албай жатабыз. Ал эми жети жыл жүрүп, маселесин чече албай келаткандар бар. KG Групптун кеңселерине баруудан эч кандай пайда жок», — деди ал ачууланып.
Эске сала кетсек, «KG Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго кылмыш иши козголгон. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө. Учурда изделүүдө.
Буга чейин УКМК Бишкекте KG Групп компаниясы тарабынан алты көп батирлүү үй курулганын билдирген. Бирок бул объектилердин бири дагы уруксаты жок өз алдынча курулуштун айынан ишке берилген эмес.



