Коом

Министрлик: Аз камсыз үй-бүлөлөргө берилчү социалдык контракттын көлөмү өзгөрбөйт

2022-жылы республика боюнча 2800 жакыр жана аз камыз үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан өз ишкерлигин жүргүзүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берилген, алардын 99,6% ийгиликтүү ишин жүргүзгөндүктөн, 2023-жылы 10 000 жакыр жана аз камсыз үй-бүлөгө социалдык контракт каралып, долбоордун ийгиликтүүлүгү байкалууда.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен 2024-жылга Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүүнү 20 000 үй-бүлөгө Жобонун негизинде 100 миң сом өлчөмүндө каржылоо пландаштырылууда. Тактоо иретинде, Социалдык контракттын өлчөмү өзгөрүлбөйт, башкача айтканда 100 миң сомду гана түзөт.

Социалдык контракттын негизинде өз ишкерлигин ийгиликтүү жүргүзгөн үй-бүлөлөргө кошумча стимулдаштыруу жана жеке ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында,​ Социалдык контракттын катышуучуларынын ичинен ишкерлигин далилдеп, салык төлөмдөрүн​ жүргүзгөн катышуучуларга мамлекеттик банктар тарабынан 200 миң сом өлчөмүнө чейин пайызсыз, кайтарымдуу насыя берүүнүн долбоору каралууда, — деп билдирди КР Финансы министрлигинин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button