Бишкектеги №69 мектептен мугалимдер жапырт иштен кетишинин себеби эмнеде?

Бишкек мэриянын билим берүү департаменти Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектептеги кырдаал тууралуу маалымат берди.
Анда айтылгандай, билим берүү боюнча жаңы мыйзамга ылайык, “гимназия” жана “лицей” макамына ээ мектептер катардагы жалпы билим берүү мекемелери менен теңдештирилди. Ошондой эле, мурда гимназия/лицей компоненттерин ишке ашырууга жана окуучуларды кошумча өнүктүрүүгө багытталган клубдук иштердин тарифтери, мисалы, музыка, чет тилдер боюнча кружоктор, спорт секциялары жана башкалар алынып салынган.
Жаңы окуу жылынын башталышынан бери №69 мектепте өз каалоосу менен жумуштан кружоктордун 34 жетекчиси жана тогуз мугалим кеткен. Бүгүнкү күндө мектеп штаттык режимде иштеп жатат жана вакансия жок, деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Иатбек кызы аталган мектептен 40 мугалим жеке менчик мектептерге кеткенин билдирген.



