Коом

Эсептөө палатасы Ала-Бука районуна жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында – 126 млн 343,1 миң сом каржы бузууларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.

Бул тууралуу Эсептөө палатасынын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ала-Бука райондук финансы башкармалыгы, Ала-Бука районунун айыл аймактары жана райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылган.

Ала-Бука районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча — 126 млн 343,1 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Бузуулардын классификатору боюнча бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 780,0миң сом;

  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 255,6миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (Салыкка, СФга кошумча эсептөөлөр) – 1850,4 миң сом;
  • бюджеттик сметада көргөзүлбөгөн чыгымдар – 19,0 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу – 47563,0 миң сом;
  • капиталдык салымдарды сарптоодогу жана курулуш иштерин аткаруудагы башка бузуулар – 20808,3 миң сом;
  • эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 40,0 миң сом;
  • товардык материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгашалары – 49,1 миң сом;
  • негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 37581,8миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы – 592,5 миң сом;
  • тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 5210,0 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузууларга кирбеген бузуулар (муниципалдык жерлерди менчикке жана ижарага негизсиз берүү) – 10206,6 миң сом;
  • бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн талаптарын бузуу менен отчет берүү – 22,0 миң сом;
  • эмгек акы,  иш сапар чыгымына жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 364,8 миң сом;
  • дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 1000,0 миң сом.

Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн жер балансындагы 0,68 га жер участогун менчикке берүүдө 2171,6 миң сомдук бюджеттик жоготуулар боюнча материалдар, Ала-Бука айыл өкмөтундөгү бак-дарак категориясындагы жерледи мөөнөтсүз 49 жылга ижара акысыз пайдаланууга берилип, 8035,0 миң сомдук бюджеттик жоготууга жол берилген фактылар боюнча материалдар, Көк-Таш айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган курулуш иштериндеги 19254,5 миң сомдук бузуулар, 2815,0 миң сомдук негизсиз чыгымдар, “Көк-Таш техсервис” муниципалдык ишканасындагы 2010,0 миң сомдук каржы бузуулар жана “Көк-Таш тазалык” муниципалдык ишканасындагы 1385,0 миң сомдук каржы бузуулар, Көк-Серек айыл өкмөтүндөгү курулуш иштерине 16420,4 миң сомдук кошуп жазуулар, жалпы 52091,5 миң сомдук каржы бузуулар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн, Жалал-Абад областтык прокуратурасына жөнөтүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button