Коом

Чычкан капчыгайындагы «Арал» постунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Бүгүн, 13 ноябрда эртең мененки саат 07:00 Бишкек — Ош унаа жолунун 272-чакырымында («Арал» посту) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №23 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 12-ноябрь саат 20:00дөн тарта жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин «Арал» постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button