Кыргызстанда майыптык статусун онлайн каттоого уруксат берилет

Министрлер кабинети медициналык-социалдык экспертизадан (МСЭ) өтүү жана жарандарды майыптыгы бар адам катары таануу тартибине ири өзгөртүүлөрдү киргизди.
Жаңы токтомго ылайык, айрым учурларда МСЭден эми аралыктан — маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жана жарандын жеке катышуусуз өтүүгө мүмкүн болот.
Онлайн күбөлөндүрүү оор өнөкөт жана тубаса оорулары бар бейтаптарга, онкологиянын акыркы стадиясындагы адамдарга, жүрөк жана дем алуу жетишсиздигинин оор түрлөрүнө чалдыккандарга, ДЦП, Даун синдрому, аутизм, көрүү жана угуу жөндөмүнүн кайтарылгыс бузулуусу жана башка оор диагноздору бар жарандарга жеткиликтүү болот.
Мындан тышкары, экспертизадан өтүү мөөнөтү кыскартылды. Жаран же бала боюнча жолдомо катталгандан кийин күбөлөндүрүү беш жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлүшү керек.



