Коом

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчысы кызматына сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчысы кызматына 4-апрелден тарта ачык конкурс жарыялайт.

Талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар:

педагогикалык жогорку билим;

үч жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү беш жылдан кем эмес иш стажы;

жалпы билим берүү уюмунун директору же окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген иш тажрыйбасы милдеттүү түрдө болуусу зарыл.

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер:

жеке арыз;

эки сүрөт (3х4);

резюме;

өздүк таржымал;

нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

паспорттун көчүрмөсү;

соттолбогондугу тууралуу ИИМдин маалым каты.

Аталган документтер 18-апрель саат 18:00гө чейин Касым Тыныстанов көчөсү, 257 дарегинде кабыл алынат. Сурап-билүү телефондору: +996 (312) 620509.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button