Маданият

Маданият ишмерлери «Ата-Бейиттеги» Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту

Бүгүн, 7-декабрда маданият ишмерлери “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалын утурлай «Ата-Бейиттеги» Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын жана Ч.Айтматов атындагы орус улуттук драма театрынын чыгармачыл жамааты жана бир катар көрүнүктүү маданият ишмерлери катышып, улуу жазуучуну аны эскеришти.

Ага маданият министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов, жазуучунун карындашы Роза Айтматова жана жакындары катышты.

Белгилесек, 7- 12-декабрь күндөрү Бишкек шаарында “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер менен катышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button