Коом

Кесиптик лицейлерге кабыл алуу 15-июлда башталат

2024-2025-окуу жылына кесиптик билим берүү мекемелерине кабыл алуу 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.

Кесиптик лицейлерге тапшыруу үчүн бүтүрүүчү сайтына кирип, катталышы керек. Андан соң профилдеги маалыматты толтуруп, жаккан адистикти тандайт.

Кесиптик лицейлерде бюджеттик негизде окуу үчүн 16,5 миң бүтүрүүчүнү кабыл алуу пландаштырылганы айтылды. Каттоо 30-августка чейин жүргүзүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button